Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 11:25
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Ошто күз-кыш мезгилине даярдык көрүү үчүн электр энергиясы тез-тезден өчүрүлөт

14.08.2020 16:24
959
Ошто күз-кыш мезгилине даярдык көрүү үчүн электр энергиясы тез-тезден өчүрүлөт


Бүгүн, 14-август күнү Ош шаарынын экономика тармактарын жана калкын 20202/2021-жылдардагы күзгү-кышкы өнөктүгүнө даярдоо боюнча штабдын отуруму болуп өттү. Бул тууралуу аталган шаардын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, отурумга Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев, тийиштүү бөлүм башчылар, жылуулук менен камсыздоо ишканалары, электр энергия тармагынын өкүлдөрү, жашылдандыруу жана тазалык ишканаларынын жетекчилери, МАБдын башчылар катышкан.


Күн тартибинде 4 маселе каралып, вице-мэр тийиштүү тапшырмаларды берген. Ошондой эле Оштогу жылуулук электр борборунун даядыгы тууралуу маалымат берген. Ош райондук электр тармактар ишканасында пандемия учурунда оңдоп түзөө иштери жүргүзүлбөгөндүгүнө байланыштуу, август жана сентябрь айларында жер жерлерде электр энергияларын өчүрүү иштери күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлөрүн айткан.


"Ош шаардык элге билим берүү башкармалыгында 95 мекеме 2020/2021-жылдын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү иштери, бекитилген иш-чаралардын негизинде жүргүзүлүп жатат. Көмүр сатып алуу жана айрым билим берүү мекемелериндеги жылуулук системалары боюнча катуу талаптар коюлду.

Саламаттыкты сактоо тармагындагы 32 мекеме 2020/2021-жылдын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү иштери, учурда бекитилген иш-чаралардын негизинде жүргүзүлүп жатат. Генератор сатып алуу, жылуулук системаларындагы жаңылоо жана жууп тазалоо иштери боюнча тапшырма берилип, сентябрь айына чейин бүтүрүү зарылчылыгы бар.

Ал эми шаардыктарды көмүр менен камсыздоо боюнча шаардын аймагында 15 жерде көмүр саттуу пункттарын уюштуруу пландаштырылып, иштер жүрүп жатат”, - деген Топчубаев.


Белгилей кетсек, штабдын кийинки отуруму көчмө жыйын катары уюштурулуп, баардык тийиштүү мекемелердин күз-кыш мезгилине даярдык көрүү иштери жеринде текшерилет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн