Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 19:01
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Ошто легендарлуу парламенттин депутаттарына сыйлыктар тапшырылды

07.03.2024 12:07
237
Ошто легендарлуу парламенттин депутаттарына сыйлыктар тапшырылды


Ош шаарында легендарлуу парламенттин депутаттарына сыйлыктар тапшырылды.

Жогорку Кеңештен билдиришкендей, парламентаризмди жана Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, ошондой эле жигердүү коомдук - саясий иши үчүн КР Жогорку Советинин Xll чакырылышынын легендарлуу парламенттин депутаттары – Т.Жунусов, Т.Жолдошов, К.Юсупов, А.Токтогулов, З.Осмонова, Б.Нурунбетов «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 85 жыл» юбилейлик медалы менен сыйланды.

Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова сыйлыктарды тапшырып жатып, легендарлуу парламенттин депутаттарына бекем ден соолук, татыктуу жашоо, бактылуу карылык тилеп, ийгиликтерди каалады. Иш чарага президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов да катышып, куттуктоо сөзүн айтты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн