Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 00:06
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Ошто мас абалындагы прокурорду сот терезесинен качырып жиберди

14.12.2020 08:54
1230
Ошто мас абалындагы прокурорду сот терезесинен качырып жиберди

Ошто мас абалында соттук отурумга катышып, өкүм чыккандан кийин соттун бөлмөсүнүн терезесинен качып чыгып кеткен прокурордун видеосу тарады. Бул тууралуу 12-декабрда Венера Касымова аттуу "Фейсбук" колдонуучусу өзүнүн баракчасына "мас абалда сотко катышкандан кийин, терезенин тосмосун сындырып качып кетти" делген прокурор жаатындагы тасмаларды жүктөгөн.


Анда ал: «Мына биздеги Ош облусундагы мыйзам өкүлдөрү. Курманкул Зулушев кайда карап олтурасыз? Кызматкерлериңиз мас абалында элди соттотуп жүрөт. Видеодогу сот терезеден прокурорду качырган», — деп жазган.


Видео тасмадан аял кишинин: "Мас абалыңда менин баламдын тагдырын чечтиңби, сөзүңдү сүйлөй албай, кагазыңды окуй албайсың, керектүү кызматтарга кайрылам", — деп беткапчан кишиге кайрылып жатканын көрүүгө болот.


Окуя боюнча прокуратура маалымат тарата элек.


https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=847811179369885&id=100024230312509

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн