Бугу 05, 2024
Убакыт: 11:17
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Ошто мас айдоочу электр мамысын сүзүп каза болду

Ошто мас айдоочу электр мамысын сүзүп каза болду


Ош шаарында мас айдоочу электр мамысын сүзүп каза болду. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматы кабарлады.



   15-августтан 16-августка караган түнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө жарандардан кабар келип түшүп, анда маалымат берген жаран Ош шаарынын батыш тарабында жайгашкан СМУТТ аймагында белгисиз айдоочу өтө мас абалында өзүнүн «Деу-Лассети» үлгүсүндөгү автоунаасын айдап жүргөндүгү тууралуу маалымат берген. Аталган жерге милициянын кайгуул кызматынын жакынкы аралыкта кызмат өтөп жаткан экипажы барып, ал жердеги күбөлөр мас абалындагы жаран алкоголдук ичимдиктерди алып, өз автомашинасына отуруп, белгисиз тарапка кирип кеткендиги тууралуу маалымат берген.

 

 Айдоочунун мас абалында автоунаа башкарып жүргөндүгү тууралуу маалыматтан улам кырсыктын алдын алуу максатында милициянын кайгуул кызматы ал айдоочуну издөө аракеттерин көргөн. Аталган автомашина милициянын кайгуул кызматынынын экипажына Жапалак айылында кабыл болуп, токтотуу боюнча талабына баш ийбестен каттуу ылдамдыкта качып кеткен. Көп өтпөй Жапалак айылынын Качыбек участкасынын Ташиев атындагы көчөсүндө жайгашкан электр мамычасын, андан соӊ жакын турган үйдүн дубалын сүзүп токтогондугу маалым болгон. 

 

   Айдоочу, 1982-жылы туулган, Э.И. Ош шаардык ооруканасына оор абалда жеткирилип, 16-август күнү түштөн кийин каза болду. 


    Бул факт Ош шаардык ички иштер башкармалыгына «Жол кырсыгы» катары катталып, тергөө кызматы тиешелүү иликтөө иштери жүрүп жатат.  

                                           

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн