Бугу 08, 2024
Убакыт: 07:53
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Ошто медицина кызматкерлерине витаминдүү азык-түлүктөрдүн түрү таратылды (фото)

29.07.2020 10:11
1056
Ошто медицина кызматкерлерине витаминдүү азык-түлүктөрдүн түрү таратылды  (фото)


 

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов калаадагы стационарларда иштеп жаткан медицина кызматкерлеринен кабар алып, көйгөйлөрүн жеринде укту. Бул тууралуу мэриянын басма соз кызматы билдирди.

 

Мэр жана вице-мэрлер шаардагы бардык изоляция, стационар жана обсервацияда иштеп жаткан дарыгерлерге витаминдүү мөмө-жемиштердин жана азык-түлүктөрдүн түрүн таратышты. Азык-түлүктөр ооруканаларга, поликлиникаларга жана күндүзгү стационарларга жеткирилди.

 

А.Навои мектебине ачылган стационарда иштеген дарыгерлер мэр менен жолугушууда кир жуугуч машиналардын жоктугунан кыйынчылык жаралганын айтышты. Мэрдин тапшырмасы менен 3 даана кир жуугуч машина аталган стационарга жеткирилди.

 

Шаар мэри пандемия учурунда күнү-түнү иштеп жаткан медицина кызматкерлерине ыраазычылык билдирди. “Ооругандардын саны азайып жатат. Ошентсе да алдын алуу максатында кошумча орундарды даярдап жатабыз. Мен сиздерден атайын кабар алганы келдим. Кандай маселе болсо бизге айткыла. Сиздер элдин ден соолугу үчүн өз өмүрүңөрдү тообокелге салып иштеп жатасыздар”, - деди Сарыбашов.

 

 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн