Ош шаарында дарыгерлерге атайын медициналык формалар
тапшырылып, аз акы алып иштеген мээрман айымдарга 5 тонна ун берилмей болду.
Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардык клиникалык ооруканасынын кызматкерлерине медициналык формаларды тапшырган. Мындан сырткары да керектүү жардамдар көрсөтүлөөрүн билдирген.
Маалыматка таянсак, жолугушуудан кийин шаардык мэрия тарабынан ооруканада аз айлык алып иштеп жаткан мээрман айымдарга 5 тонна ун акысыз бериле турганы кабарланды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн