Бугу 18, 2024
Убакыт: 23:53
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ошто мектеп директорлугуна талапкерлердин тестирлөөсү өтүүдө

13.08.2022 10:02
631
Ошто мектеп директорлугуна талапкерлердин тестирлөөсү өтүүдө


Бүгүн ОшМУнун базасында Ош облусундагы мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына талапкерлерди компьютердик тестирлөөдөн өткөрүү жараяны жүрүүдө.


Тестирлөөнү жүргүзүү үчүн Ош мамлекеттик университетинде бардык техникалык даярдык иштери аткарылып, ноутбуктар коюлган.


Мектеп директорлорун тандоо 2 этапта өтөт. Биринчи этапта катышуучулар атайын өздөрүнүн ишмердүүлүгү боюнча документтерди комиссиянын кароосуна жиберишкен. Экинчи этапта болсо, комиссиядан ийгиликтүү өткөндөр тест тапшырууда.


Белгилей кетсек Ош облусунда 244 ваканттык орун бар.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн