Бугу 17, 2024
Убакыт: 15:36
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Ошто мыкты санарип мугалим жана санарип жетекчилер сыйланды (фото)

13.06.2020 11:29
1629
Ошто мыкты санарип мугалим жана санарип жетекчилер сыйланды (фото)



Ош билим берүү институту тарабынан Ош облусундагы мугалимдер жана жетекчилер арасында аралыктан өткөн “Учурдун мыкты санарип мугалими – 2020” жана “Учурдун мыкты санарип жетекчиси — 2020” сынагында Ноокат районунун мугалимдери жеңүүчү болушту. Бул тууралуу Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Зайнабидин Мамасадыков билдирди. 

 

 

Сынакта катышуучулардын презентациясы, жазма материалдары, сабак өтүү чеберчилиги, берилген тапшырмаларга жооп берүүсү эксперттик кеңеш тарабынан каралып, баалоо аралыктан жүргүзүлгөн. 

 

 

Учурдун талабына ылайык, педагогикалык кызматкерлердин медиа сабаттуулугун арттыруу максатында уюшулган бул сынакта "Учурдун мыкты жетекчиси-2020 " кароо сынагында Ноокат районундагы С.Зулпуев атындагы Айбек орто мектебинин директору Зулпуева Нургүл Сабыралиевна 1- орунга ээ болуп, I даражадагы диплом, “Ардак грамотага” татыктуу болгон болду.

 

 

Ал эми "Учурдун мыкты санарип мугалими-2020" сынагында Ноокат районундагы А.Үсөнбаев атындагы Арал орто мектебинин математика мугалими Арапова Кундуз, Саты Токторов атындагы орто мектебинин информатика мугалими Баймуратова Аксана Ош билим берүү институтунун I даражадагы дипломуна, "Ардак грамотасына", Ош облустук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин баалуу белектерине татыктуу болду. 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн