Аяк оона 30, 2024
Убакыт: 02:28
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Ошто милиция кызматкерлери менен элдин жолугушуусунда бир топ көйгөйлөр көтөрүлдү

10.12.2021 13:45
605
Ошто милиция кызматкерлери менен элдин жолугушуусунда бир топ көйгөйлөр көтөрүлдү


   Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилигинин кезектеги жолугушуусу Ош шаарынын Сулайман тоо муниципиалдык аймактык башкармалыгында болуп өттү.  Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Эл менен жолугушууга Ош ШИИБнын начальнигинин орун басары милициянын полковниги Бакыт Исраилов, Сулайман тоо милиция бөлүмүнүн башчысы милициянын полковниги Азиз Ташполотов, Сулайман тоо муниципиалдык аймактык башкармалыгынын башчысы Эмил Караев, аймакты тейлеген милициянын инспекторлору катышышты.


  Жолугууга келген элдерге алардын берген алгачкы суроолоруна ылайык акыркы мезгилде Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаров тарабынан кол коюлуп, ишке киришкен жаӊы кодекстердин мурдагы кодекстерден артыкчылыктары, жер жана салыктар боюнча жарык көргөн Указдары тууралуу маалыматтар берилди. Андан соӊ учурдагы аймактагы криминогендик кырдаал тууралуу маалымат берилди. 

  Андан соӊ жолугушуу суроо-жооп форматына өтүп, ар бир суроолорго жооптор берилип жатты. Келген суроолордун көпчүлүгү милиция кызматына тиешеси жок болсо дагы ал маселелерди чечүүчү тараптарга жетикириле тургандыгы убадаланды. Жыйында маалым болгондой төмөндөгү маселелер Сулайман тоо МАБ жашоочуларын түйшөлтө тургандыгы аныкталды. Алар:

-кардар талашып, милиция кызматкерлери жок жерде жарышкан, айрым маршруттук каттамдагы айдоочулар;

-жол коопсуздугуна терс таасир берген тилемчилер, селсаяктар. Соолуктуруучу жайдын жоктугу;

-үйлөрүнүн алдына шагыл, курулуш материалдарын түшүрүп жолго тоскоол болгон жашоочулар;

-үй башчыларына маселе жараткан убактылуу ижарачылар;

-айдоо стажы шек жараткан маршруттук каттамдагы айдоочулар;

-шаардын көчөлөрүндө казылып труба алып өткөн жарандар жана курулуш фирмалары. Алардан соӊ бийик же пас болуп бастырылган асфальт;

-мыйзамдарды дагы күчөтүү, тартипти бекемдөө;

-аймактык инспекторлорду көп жыл бир жерде иштөөсүн камсыздоо.


  Бул көтөрүлгөн маселелер боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгы жакын арада тиешелүү иш чараларды өткөрө тургандыгы боюнча жооптор берилди. 


     Ошондой эле бул жолугушууга келген жарандар тарабынан милициянын кызматына бир топ ыраазылыктар айтылды. Акыркы ири саясый компаниядагы милициянын кызматына дагы ыраазы болушту. Сөзгө чыккан айрым жашоочулар кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча эл тарабынан дагы активдүүлүк керектигин айтышты. «Коӊшум болот, таанышым болот» деп кичине кылмышты жашырып жүрүп, чоӊ кылмышка барышына шарт түзүп жатабыз. Айталы эртерээк. Дагы бир мисал:жолду тосуп жол боюна төгүп койгон шагылыӊар жумалап жатат. Ошону алып коюу үчүн дагы милиция керекпи? Балдарга(милицияга) рахмат, өз ишин мурдагы жылдарга салыштырмалуу эӊ сонун жасап жатышат. Азыр абалдын тынчтыгына ушул милициянын кызматынын салымы чоӊ»,- деди жолугушууга келген аймактын жашоочусу.

 

 Ош шаарынын жашоочулары менен Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилигинин жолугушуулары уланууда.

 

                                                 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн