Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 13:30
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Ошто милиция кызматкерлери мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды куттуктап, белек тапшырды

01.06.2022 10:15
508
Ошто милиция кызматкерлери мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды куттуктап, белек тапшырды

Ош шаардык милициянын жетекчилиги эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата белектерин тартуулашты. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти.


Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын начальниги милициянын полковниги Акылбек Мамасейитов жана башкармалыктын начальнигинин орун басары милициянын полковниги Таалайбек Нурбаев 1-июнь балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Ош шаарында орун алган Ош шаарынын кыймыл таяныч тутумундагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борборунда болушту.

Аталган борборго Ош ШИИБнын начальниги милициянын полковниги Акылбек Мамасейитов барып, ал жерде дарыланып жаткан өспүрүмдөрдүн ден соолугунан кабар алды жана борборго материалдык жардам көрсөтүп, белектерди, таттууларды тапшырды.


Мындан сырткары жаш өспүрүмдөргө театрлаштырылган музыкалык оюн зоок уюштурулуп, өспүрүмдөрдүн маанайын көтөрүштү. Ал эми келген коноктор өспүрүмдөрдүн көрсөткөн таланттарына күбөө болушту.


Борбордун тарбиялоочулар менен биргеликте өспүрүмдөрдүн жашоо шарты менен таанышышты жана айрым кемчилдиктерге жакындан жардам көрсөтө тургандыгын айтты.


Жалпысынан аталган борбордо Ош шаары жана өлкөбүздүн түштүк облустарынан (Ош, Баткен, Жалал Абад) келген тубаса майып жана ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана өспүрүмдөргө комплекстүү реабилитациялоо жардамдарын көрсөтөт. Борбор 7 айдан 16 жашка чейинки нерв системасынан жана кыймыл-таяныч тутумундагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана өспүрүмдөр үчүн медико-социалдык, педагогико-психологиялык реабилитациялоо кызматтарын жүргүзөт, реабилитациялык курс 35 күнгө чейин жүргүзүлөт. Борбор 70 орунга ылайыкталган.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн