Бугу 05, 2024
Убакыт: 17:02
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Ошто милиция кызматкерлери сыйланды

01.11.2021 11:32
657
Ошто милиция кызматкерлери сыйланды

Бүгүн, 1-ноябрь Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 97 жылдыгына  карата Ош облустук ички иштер башкармалыгында кызмат өтөгөн бир катар кызматкерлер сыйланышты. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.


Аталган иш-чарада Ош ОИИБдин начальниги милициянын полковниги  Жеңишбек Абитов өздүк курамды куттуктап, кызматкерлерге үй-бүлөлүк бакыт, ден-соолук жана түйшүктүү, ары сыймыктуу иштерине игилик каалоо менен сыйлыктарды тапшырды. 


Өздөрүнүн кызматтык милдеттерин берилүү менен аткарып, жоопкерчиликтүү болуп, кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана коомдук коопсуздукту сактоодо зор салымын кошкондугу үчүн бир катар кызматкерлерге ИИМдин төш белгилери, Ош ОИИБдин  ардак грамота жана алкыш баракчалары  тапшырылды.


Ошондой эле, кыргыз милициясынын өсүп өнүгүшүнө, өсүп келе жаткан жаш муундарды тарбиялоодо кошкон салымы жана ички иштер органдарындагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн, милициянын отставкадагы  полковниги Осмонов Калык баалуу белек менен сыйланды.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн