Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 19:32
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.972

Ошто милиция кызматкерлери сууда агып бара жаткан кичинекей кызды куткарып калды

13.07.2021 14:53
1041
Ошто милиция кызматкерлери сууда агып бара жаткан кичинекей кызды куткарып калды

10-июлда Ош шаарында сууга аккан 2,5 жашар кызды милиция кызматкерлери куткарып калышты. Бул тууралуу бүгүн, 13-июлда Ош ОИИБдин басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев билдирди.


Анын айтымында, 10-июль күнү саат 13:00 чамасында Ош ОИИБдин кызматкерлери Дулат Баркитов менен Санжар Исаков Ак-Буура суусуна агып бара жаткан кызды көрүп калышкан.


Милициянын майору Дулат Баркитовдун айтымында, досу болуп үчөө отурганда элдин ызылдаганын угушкан.


«Мен кесиптешим Санжар Исаков жана досубуз Айбек болуп үчөөбүз күн катуу ысыганынан эс алып турганбыз. Бир убакта эле эл кыйкырып, ызылдап баштады. Сууну карасак кичине кыз агып баратат. Кесиптешим экөөбүз сууга секирип эле, кызды суудан алып чыктык. Кыз суу жуткан экен. Жасалма деп алдыруу кылганыбызда эле суу оозунан чыгып кетип, дем алып калды. Айбек деген досубуздун унаасына салып, жолдон кыздын апасын алып, тез жардам кызматына жеткирип бердик», - деди Бакиров.


2,5 жашар кыздын апасы Бактиярхон Кахрамон кызы милиция кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирди.


«Күн каттуу ысыгандыктан 2 уулумду, кызымды алып, Токтогул паркына баргам. Балдарым суу жакка баралы дей бергенинен сууга алып түштүм. Суу кызымдын тизесинен эле келип жаткан. Кантип 9 жашар уулумдун колунан чыгып, сууга агып кеткенин байкабай калдым. Артынан барып эле кармай албадым. Кыйкырсам бир чоң эле киши да аракет кылып, кармай албай калды. Ылдый жакта милиция кызматкерлери эс алып турган экен. Ошолор кызымды сактап калышты. Милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдирем», - деди ал.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн