Аяк оона 08, 2024
Убакыт: 07:20
USD
84.10
84.60
EUR
92.80
93.80
RUB
0.920
0.960

Ошто милициянын 32 жаштагы улук лейтенаты көз жумду

13.06.2024 12:51
517
Ошто милициянын 32 жаштагы улук лейтенаты көз жумду


Ошто милиция кызматкери каза болду. Бул тууралуу калаанын ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.


Улук лейтенант Уланбек Кожомберди уулу туристтик взводдо кызмат өтөп келген. 4-июнь күнү саат 21:30дар чамасында аны Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу коюп кеткен.


"Милиционер кафенин тушундагы жол чийинден өтүп баратканда кырсыкка учураган. Уланбек Кожомберди уулу кечээ, 12-июнда, ооруканадан үзүлдү. Б.Д. аттуу айдоочу кырсык болгон учурда соо болгон. Автоунаасы айып короого токтотулуп, экспертизалар дайындалды", — деди ИИБ.


Уланбек Кожомберди уулу 32 жашта, артында эки баласы калды. 2018-жылдан бери ички иштер органдарында кызмат өтөп келген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн