Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 23:31
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Ошто милициянын кайгуул кызматына тандоо тестинен 310 талапкер ийгиликтүү өттү

15.08.2020 09:51
1286
Ошто милициянын кайгуул кызматына тандоо тестинен 310 талапкер ийгиликтүү өттү


Ош шаардык ИИБ боюнча жаңы милициянын кайгуул кызматынын бош орундарына кабыл алуу  боюнча тестирлөө жыйынтыкталды. Бул тууралуу ИИМдин ЖКККББнын басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, 13-август күнү Ош шаардык ИИБ боюнча жаңы милициянын кайгуул кызматынын 219  бош кызмат орундарына талапкерлер  тестирлөөдөн өтүштү. Сынакты жаңы жарыялаганда 497 талапкер арыздарын жана билдирүүлөрүн тапшырышкан: анын ичинен  264 жөнөкөй жарандар.


Тестирлөөгө 471 талапкер катышууга уруксат берилип, жеке көйгөйлөрүнө байланыштуу 378 талапкер катышкан. Жалпы билимди баалоо жана усулдук окутуу борборунун жыйынтыгы боюнча 310 талапкер тестирлөөнү ийгиликтүү өтүшсө, 67 талапкер өткөн эмес.


 Тестирлөөнүн жыйынтыгы менен талапкерлер “www.guobdd.kg” сайтына кирип таанышса болот.


 17-18-август күндөрү Ош шаарынын К. Маркс көчөсүнүн №1 дарегинде  жайгашкан  А. Сүйүнбаев атындагы стадиондо тестирлөөдөн ийгиликтүү өткөн талапкерлер физикалык даярдык боюнча нормативдерди тапшырат.


ИИМдин ЖКККББ физикалык даярдык боюнча нормативдерди тапшырууга кое берилгендер тизменин негизинде таңкы саат 07:30 кечикпестен жогоруда көрсөтүлгөн дарекке келип калууларын суранат. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн