Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 06:29
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Ошто милициянын саптык кароосу өтүп, тапшырмалар берилди

08.06.2022 11:09
726
Ошто милициянын саптык кароосу өтүп, тапшырмалар берилди

2022-жылдын 8-июнь күнү Ош облустук ички иштер башкармалыгы горнизондук саптык кароо өткөрдү. Бул саптык кароо 2021-2022-окуу жылынын аяктаганына байланыштуу, акыркы коңгуроо аземин ийгиликтүү өткөрүү максатында өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.


Горнизондук саптык кароого Ош облустук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы, Алай, Араван, Кара-Суу, Кара-Кулжа, Өзгөн, Нокат РИИБдеринин өздүк курамы ошондой эле КРдин ИИМнин атайын багыттагы полкунун 3-батальонунун Ош облусу боюнча атайын операцияларды өткөрүү отрядынын жоокерлери катышты.

 

  Ош облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги милициянын полковниги Ж.Абитовдун жетекчилиги астында саптык кароо өткөрүлүп, нускамалар берилди. Иш чаранын жүрүшүндө КРнын ИИМдин жана Ош ОИИБдин тескемелерин жеткирип, тескеменин талаптарын так аткарууну талап кылды.


 Ошону менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн токтомунун талаптарын аткарууда жарандарга окуучулар арасында окуткан мугалимдерге, класс жетекчилерге акча каражатын жыйноого ж.б. мыйзамсыз материалдык каражаттарды чогултууларга тыйуу салынгандыгын жеткирүүнү эскертти. 

 

Жогорудагы талаптарды аткаруу максатында алдын -алуу субьектилери менен биргеликте ЖКККБ кызматкерлеринен турган туруктуу жана жылып жүрүүчү посттор, түнкү кайгуулдарды уюштуруп, эгерде жогорудагы көрсөтүлгөн талаптарды бузгандар аныкталса, КРнын УБжКнин 74-беренеси менен ата-энелер менен мыйзамдуу өкүлдөрү кафе-ресторан ж.б. эс алуучу жайлардын ээлери жаш балдарды автоунаага салып ташыган айдоочулар жоопкерчиликке тартылуусу эскертилди.


Өздүк курам 9-июнь күнү эрте менен саат 8:00 дөң баштап бөлүнгөн мектептерде коомдук коопсуздукту сактоо боюнча жумуш алып барышат. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн