Бугу 10, 2024
Убакыт: 08:04
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Ошто мыйзамсыз курал сактаган жарандар кармалды

16.05.2023 10:36
457
Ошто мыйзамсыз курал сактаган жарандар кармалды

Ош шаардык милициясы мыйзамсыз сакталган куралдар менен 3 жаранды кармашты.   Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


  Маалым болгондой,  Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн каракчылыкка каршы күрөшүү бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан атайын операциялар отрядынын жардамы менен жүргүзүлгөн ыкчам иш аракеттердин натыйжасында ок атуучу куралдар табылып алынды. Мыйзамсыз куралды алып жүргөнгө шектүү кылмыштуу топ Ош шаарына батыш тараптан кире берүүчү жол айлампасында токтотулуп, кармалды. Алар жүргөн «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү автоунаасынан АКСУ-74У үлгүсүндөгү автомат (магазининде 4 огу бар болгон), 1 даана тапанча(магазинде 3 огу бар) алынган. Кармоо учурунда бул топ милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүшүп, качууга аракет жасашкан. 

   

 Автоунаада отурган Жалал-Абад облусунун Аксы районунун тургуну 1996-жылы туулган Ө. уулу Т., Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну 1993-жылы туулган А. уулу Э. жана Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну 1994-жылы туулган Ш.Т. кармалышып, Ош шаардык ички иштер башкармалыгына алынып келинди. Учурда алгачкы тергөө амалдары жүрүп жатат. Кармалгандардын баары мурда бир нече жолу сот жообуна тартылышкан жарандар. 

   

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн