Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 02:35
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Ошто мыйзамсыз сакталган автомат аныкталды

27.05.2022 13:20
1180
Ошто мыйзамсыз сакталган автомат аныкталды

Ошто Калашников   үлгүсүндөгү автомат алынды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык,Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз сакталган АКС үлгүсүндөгү 7.62 калибриндеги Калашников автоматы алынды. Бул куралды Ош облусунун Кара-Суу районунун 1985-жылы туулган К. А. аттуу жаран мыйзамсыз сактап жүргөндүгү аныкталды. Алгачкы тергөөнүн маалыматтарына караганда бул курал 2010-жылы, июнь окуялары учурунда коомдук тартипти орнотууга тартылган түзүмдөрүнүн биринен уурдалган. 

     

   Учурда алынган куралга карата соттук-баллистикалык, соттук-дактилоскопиялык экспертизалары дайындалып, тийиштүү тергөө, ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.

 

                     

                                 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн