Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 22:19
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Ошто мурда соттолгон жаран белгисиз адамды сабап салган

02.06.2022 13:09
4101
Ошто мурда соттолгон жаран белгисиз адамды сабап салган

Ош шаардык ички иштер башкармалыгына Ош шаарынын тургуну Т.Б. арыз менен кайрылып, ал арызында белгисиз адам аны 2022-жылдын 8 –май күнү Ош шаарынын Н.Исанов көчөсүндө өз-ара пикир келишпестиктен улам аны бир нече жолу уруп, денесине зыян келтиргендигин көрсөткөн. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди


 

   Тергөөнүн жүрүшүндө жабырлануучуга карата дайындалган соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, ден соолуктун кыска мөөнөткө бузулушуна алып келген женил дене жаракаттардын катары кирерин билдирген. 


Аталган факты боюнча текшерүү жүргүзүлүп, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 280-бер. 1-б. негизинде Ош шаардык ИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмүнө катталган. 


Жогорудагылардын негизинде шектүү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын №4-милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан кармалган. Ал Ош шаарынын 44 жаштагы Ш.А. аттуу тургуну экендиги аныкталган. Шектүү ИИМдин атайын тизмесинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары атайын тизмеде тургандыгы, мурда бир нече жолу соттолгондугу аныкталды.


Ал, өзүнүн кылмыштуу аракети менен Кыргыз Республикасынын кылмыш кодексинин 280-бер., 1-бөл., (бейбаштык)көрсөтүлгөн кылмыш ишти жасагандыгы боюнча айыпталат. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 

 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн