Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 06:40
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Ошто ок-дары жашырылган атайын жай аныкталды (фото)

28.06.2021 16:41
1094
Ошто ок-дары жашырылган атайын жай аныкталды (фото)


ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Ош шаарынын аймагында жүргүзгөн атайын операциянын жүрүшүндө ок атуучу куралдар менен ок-даарыларды сактаган жашыруун жайды табышты. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


 Кылмыштуу топтордун бирине таандык болгон бул ок атуучу куралдар менен ок-даарылар Оштогу кароосуз калган үйдөн табылган.


 Жашыруун жай бөлмөлөрдүн биринде казылып, үстүн таштандылар менен жаап коюшкан. Тинтүү жүргүзүү учурунда капка оролгон “Калашников” үлгүсүндөгү автомат 5,45 калибрдүү октору менен кошо жана тетиктери чачылган абалдагы 16-калибрдүү сайсыз ок атуучу курал табылган. 


   Куралдарды кароо учурунда алардын номурлары өчүрүлгөнү, автоматка башка өзгөртүүлөр киргизилгени аныкталган. 


ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгы ыкчам жол менен алынган маалыматтын негизинде жогорудагы ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Жогорудагы факты Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 253-беренесинин 2-бөлүмү (Куралдарды, ок-даарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. 

Иликтөө ишин ИИМдин Тергөө кызматы (Ош шаары) жүргүзүп жатат.

Табылып алынган куралдар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн