Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 20:54
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Ошто өкмөт тарабынан берилген 80 тонна ун муктаждарга таратылды

10.04.2020 15:34
1124
Ошто өкмөт тарабынан берилген 80 тонна ун муктаждарга таратылды


Ош шаарында өкмөт тарабынан берилген 80 тонна ун муктаждарга таратылды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, 10-апрелде 80 тонна ун ар бир муниципалдык башкармалыктардагы 200 аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө (каттоосуна карабай учурда шаарда жашап жаткандар), 1151 бала кезинен мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, 617 мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар үй-бүлөлөргө 25 килограммдан жана 54 социалдык камсыздоого укугу жок улгайган жарандарга 14 килограммдан (800 кг) таркатылып башталган.


Маалыматка таянсак, аялуу катмардагы муктаж үй-бүлөлөргө жалпы 130 тонна (2600 кап) ун бөлүнгөн. Буга чейин, алгачкы бөлүктө 50 тонна ун Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгында каттоодо турган 605 аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, 395 ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга 5-апрельде бөлүштүрүлүп берилгени айтылды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн