Тогуздун айы 11, 2025
Убакыт: 17:14
USD
87.30
87.80
EUR
101.00
102.00
RUB
1.070
1.095

Ошто окуучулардан коронавирус аныкталды

Ошто окуучулардан коронавирус аныкталды

Оштогу “Олимп” жана “Жетиген” орто мектептеринин үч окуучусунан коронавирус аныкталды. Алар бир үй-бүлөнүн балдары экенин Ош шаарынын саламаттык сактоо координатору Кыялбек Ташболотовго "Т-Медиа" билдирди.


Анын айтымында, 12-апрелде «Олимп» мектебинин 10-классынын окуучусунан вирус табылганы кабарланган. Буга байланыштуу Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл мекемесинун сунушу менен ошол класс эки апталык карантинге жабылды.


«Балдар вирусту ата-энесинен жуктуруп алышкан. Дене табы көтөрүлүп баштаганда эле сабакка келишкен эмес. Бирок ага карабай анын классташтарынан жана мугалимдерден ПЧР-тест алынууда. Оору жуктурган балдардын абалы жакшы».



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн