Бугу 08, 2024
Убакыт: 05:17
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Ошто ооруканага кирип, дарыгер жана оорулуулардын телефонун уурдаган жаран кармалды

28.04.2022 10:32
646
Ошто ооруканага кирип, дарыгер жана оорулуулардын телефонун уурдаган жаран кармалды

Оштогу ооруканалардан уурулук жасап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

   

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн оперативдүү кызматкерлер бир нече телефондорду уурдоого шектүү катары 1984-жылы туулган Кара-Кулжа районунун тургуну М.Ш. кармашты. Бул адам өтө кылдаттык менен уурулук жасап, бир уурулук жасаган жерине көпкө чейин кайрадан барбай, убакыт өткөрүп, кокустан пайда болуп уурулуктарды жасап изин жашырып жүргөн. 

 

  Шектүүнүн үстүнөн жыл башынан бери 15 арыз түшкөн. Арыздануучулардын баары Оштогу облустар аралык жана Ош облустук балдардын ооруканасынын пациенттери жана медициналык персоналдын өкүлдөрү. Алгачкы тергөө амалдары көрсөткөндөй кылмышка шектүү М.Ш. аты аталган ооруканалардын палаталарына эрте менен саат 06.00 чамаларында кирип оорукчандардын уктап жаткандыктарынан пайдаланып столдордо кароосуз калган же заряддалып турган мобилдик телефондорун уурдап чыгып кетип турган. Бир нече ирет коридордо зарядда турган медицина кызматкерлерининин телефондорун дагы уурдап үлгүргөн.

   

Шектүү мурда уурулук жасагандары үчүн 4 жолу соттолгон.

   

Учурда шектүү М.Ш. кармалып Ош шаарындагы №5 тергөө изоляторунда кармалууда. Уурулук фактылары боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. 

 Сүрөттө: кармалган шектүү

  

                  

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн