Бугу 04, 2024
Убакыт: 01:33
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Ошто өрттөнүп кеткен турак үйлөрдүн материалдык чыгымдары такталууда

01.08.2020 09:03
1271
Ошто өрттөнүп кеткен турак үйлөрдүн материалдык чыгымдары такталууда



Кечээ, 31-июль күнү саат 20:38дер чамасында Ош шаарынын Ак-Тилек кичи шаарчасынын 20-көчөсүнүн №16 дарегинде жайгашкан түрак үйдөн өрт чыгып, кошуна жайгашкан №18, №20 турак үйлөрүнө жана 19-көчөдө жайгашкан №17, №19 үйлөргө өткөн.

 

ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдагандай, өрттүн жалпы аянты 350 чарчы метр болгон. Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар болгон жок.

 

Өрттү өчүрүүгө 4 бөлүм, 1 суу ташуучу унаа, Ош шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылган. Мындан сырткары Ош шаардык жашылдандыруу ишканасынан 1 суу ташуучу унаа, ИИМнен 4 экипаж, шаардык газ кызматынан 1 бригада жана РЭТ мекемесинен 1 бригада тартылган. Өрт саат 21:40та чектөөгө алынып, саат 00:24тө толук өчүрүлгөн.

 

Келтирилген материалдык чыгымдар жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

 

 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн