Бугу 04, 2024
Убакыт: 02:51
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Ошто өрттүн кесепетинен 2 үй жана 2 сарай толугу менен күйүп кетти

19.06.2020 09:44
962
Ошто өрттүн кесепетинен 2 үй жана 2 сарай толугу менен күйүп кетти

 

Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагында 18-июнь күнү саат 13:50 чамасында Жаңы-Турмуш айылындагы Киров көчөсүндөгү  болжол менен №31 турак үйдөн өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.


Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен Киров көчөсүндөгү жайгашкан жалпы аянты 235 чарчы метр болгон №31 турак үй  жана жалпы аянты 190 чарчы метр №29 турак үй менен сарайы, Мукумий көчөсүндө жайгашкан №28 үйүнүн аянты 100 чарчы метр болгон эки кабаттуу сарайы толук күйгөн.


Мындан сырткары Киров көчөсүндөгү №27 турак үйдүн 50 чарчы метр чатыры жана Мукумий көчөсүндөгү №26 турак үйдүн 40 чарчы метр чатыры күйгөн.


Өрттүн жалпы аянты 615 чарчы метрди түзүп, жабыркагандар жана каза болгондор катталган эмес.


Тартылган күчтөрдүн жардамында өрт саат 15:18де чектөөгө алынып, саат 18:50дө толук өчүрүлгөн. Учурда өрттүн чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталып жатканы айтылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн