Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 19:14
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Ошто өз инисин өлтүргөнгө шектүү жаран үй камагына чыгарылды

25.07.2020 17:49
654
Ошто өз инисин өлтүргөнгө шектүү жаран үй камагына чыгарылды

 

Ошто өз инисин өлтүргөнгө шектүү катары кармалган 37 жаштагы адам үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу аталган шаардын ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.


Ал алгачкы тергөө учурунда инисинин көп ичип кеткендиги, аны жакшы жолго чакыргандыгын, бирок иниси каяша берип укпай койгондуктан бир койгондугун, иниси талуу (башынын арка тарабы менен ташка жыгылган) жери менен ташка жыгылып, эсин жоготуп койгондугун айткан.


Ошондой эле өлтүрүү оюнда жок экендигин билдирген. Эсин жоготуп койгон инисин ооруканага өзү алып барган.


Белгилей кетсек, окуя 20-июль күнү болуп, саат 21.00 чамасында Ош облустук ооруканасына оор абалда жаран түшкөндүгү тууралуу маалыматты аталган оорукана кызматкерлери тарабынан берилген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн