Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы өзүнүн 14 жашар кызын 2 жылдан бери зордуктоого шектүү катары 1982-жылы туулган жаранды убактылуу кармоочу жайга киргизди. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жашы жетелектер менен иштөө инспекциясынын кызматкери Ош шаарына караштуу айылдардын биринин 2007-жылы туулган кыздын акыркы күндөрү өтө эле психологиядык жактан жабыркап жүргөндүгүн байкап, аны менен мектепте маектешүүгө аракет жасаган. Алгачкы маектешүүгө жасаган аракеттер жыйынтыксыз болгон. Кыз инспектор менен маектешүүдөн баш тарткан. Бирок, милиция кызматкеринин бир нече аракетинин натыйжасында кыз атасы тарабынан бир нече жолу зордукталып, психологиялык өзүнүн оор абалда жүргөндүгүн титиреп, ыйлап жатып айтып берген. Жашы жетелектер менен иштөө инспекциясынын кызматкери токтоосуз Ош ШИИБнын жетекчилигине рапорт менен кайрылып, жабырлануучу кыз, атасы жана башка үй бүлө мүчөлөрү милицияга алынып келинген.
Жабырлануучу кыздын көрсөтмөсүнө ылайык, аны атасы (өз атасы, өгөй эмес) 2019-жылдын июнь айынан баштап, 2021-жылдын ноябрь айына чейин эркине каршы зордуктап жүргөн. Алгачкы зордуктоо учурунда апасы Россияда болгон. Бирок, апасы келгенден кийин дагы бул кылмыштуу иш уланган. Акыркы жолу 2021-жылдын 28-ноябрь күнү атасы кылмыштуу ишин улантып жатканда үйдөгү дагы бир кызы көрүп калган. Кыздар айтуусунда, корккондуктан жана үй бүлөсүнүн ажырашып кетишкендигинен коркушкандыктан милицияга кабарлашкан эмес.
9-декабрда жабырлануучу кыздын 1982-жылы туулган атасы жашы жетелек кызды зордуктоого шектүү катары Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 154-беренеси менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн