Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 11:57
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Ошто өзбекстандык жарандарга Кыргызстандын жасалма паспортторун даярдоо каналы аныкталды

29.03.2023 13:41
305
Ошто өзбекстандык жарандарга Кыргызстандын жасалма паспортторун даярдоо каналы аныкталды


 УКМК тарабынан эл аралык террористтик уюмга  каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Ош облусунун аймагында КР жасалма паспортторун даярдоо каналы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.


Маалыматка ылайык, эл аралык террористтик уюмунун (ЭТУ) «И.Г.» айрым мүчөлөрүнүн өтүнүчүнүн негизинде, Ош облусу боюнча граждандык абалдын актыларын жазуу, калкты паспорттоштуруу жана каттоо органдарындагы байланыштары аркылуу, террордук аракеттерге катышканы үчүн издөөдө жүргөн, Өзбекстан Республикасынын жарандарына Кыргыз Республикасынын жаранынын жасалма паспортторун жасоого аракет кылган, Ош областында туулган КР жараны Х.У.О. кармалды.


 "Х.У.О. жашаган жеринен тинтүү иштеринин натыйжасындагы ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жаранынын 2 паспорту табылып алынган. Аталган факты боюнча учурда аталган паспортторду даярдоонун жана берүүнүн мыйзамдуулугун аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө",- деп айтылат маалыматта.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн