Ош облусунун аймагында өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал тартиби киргизилген күндөн баштап, 57 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 20- марттан 30- апрелге чейинки аралыкта жол кыймылынын эрежелерин бузган 625 айдоочу кармалган.
Алардын ичинен:
Унааны спирт ичимдигин ичип алып башкаргандар - 57 учур;
Автоунаанын алдынкы айнегин карангылатып алып, башкаргандар - 15 учур;
Тийиштуу документтери жок унаа башкарган - 35 учур.
Ал эми, жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн убактылуу унаа токтотуучу жайларга
- 96 унаа киргизилген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн