Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 04:06
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Ошто пара талап кылуу фактысы менен эки жаран кармалды

Ошто пара талап кылуу фактысы менен эки жаран кармалды

Ош облусунда 10 миң доллар акча опузалап пара талап кылган 2 жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, 26-майда Араван районунун Нур-Абад айыл аймагынын тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал 24-майдан тарта Нур-Абад айыл аймагынын Кайрагач-Арык участкасында жайгашкан соода борборуна келип, арыз ээсине бейтааныш болгон жаран шериги менен бирге коркутуу менен опузалап 10 миң долларын талап кылып келгендигин жазган.


Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестирин 203-беренеси "опузалап талап кылуу" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.


"Тергөө амалдарынын жүрүшүндө Араван районунун Кесек айылынын 33 жаштагы тургуну жана анын шериги ошол эле айылдын 28 жаштагы тургуну арыз ээсинен опузалап талап кылган акча каражаттарынын ичинен 3 миң доллар акчасын алып жаткан жеринен кармалган. Натыйжада, жабырлануучудан өзгөчө ири өлчөмдө акча каражатын талап кылышып, жалпысынан үч миң доллар түзгөн олуттуу өлчөмдө материалдык зыян келтирген.


Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүнүн бири 28 жаштагы тургун 30-майда убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 31-май күнү баш коргоо чарасы каралып, Ош шаардык соту тарабынан үй камагына чыгарылган. Ал эми 33 жаштагы шектүү 31-май күнү Ош шаарында кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бул жарандын баш коргоо чарасы бүгүн каралат. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - деп билдиришти облустук милициядан.


Кылмышка шектүүлөрдүн бири Араван районунун айылдарынын биринде жергиликтүү кеңештин депутаты экендиги жана мурда укук коргоо органында иштеп кеткендиги белгилүү болгон.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн