Ошто 3-кабатта батирде кооптуу жерде отурган аял куткарылды. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 25 апрель күнү саат 22:15те Ош шаарынын Салиева көчөсүндө жайгашкан 4 кабаттуу үйдүн 3-кабатынын батиринин айнегинде белгисиз адам коопту отурган деген маалымат 102 кызматына түшүп, ИИМ кызматкерлери куткаруу кызматына кайрылган.
Аталган дарегине 4 куткаруучудан турган топ тартылып, альпинистик шаймандар менен батирдин ичине кирип, 30-жаштагы аял кишини ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн