Ички иштер министрлигинин БМЖКККнын кызматкерлери түшкөн ыкчам маалыматтын алкагында Ош шаарында үч дарыкананы аныкташты.
ИИМдин Басма сөз кызматы билдиргендей, алардын кызматкерлери калк арасында таасири күчтүү дары-дармектерди рецептсиз сатышкан.
Бардык үч факты тең Ош шаарынын ИИБдин маалыматтык электрондук журналына катталган.
Мындан тышкары, борбордук базардын аймагында жайгашкан дарыкана бул дары-дармектерди сатууга лицензиясы жок экендиги аныкталган. Дары-дармектер жеке пайда алуу максатында коңшу дарыканадан сатып алышкан.
Дарыкана кызматкерлери 1991-жылы туулган А.А. жана 1987-жылы туулган К. М. кармалган жана тергөө кызматына жеткирилген.
Бардыгы болуп психотроптук заттарды камтыган 94 капсула, 82 флакон дары-дармек каражаттары алынган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн