Бугу 03, 2024
Убакыт: 16:55
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Ошто "Чайна Роад" жол, көпүрөлөрдү жана таштанды кайра иштетүүчү завод курат

27.09.2021 19:12
1918
Ошто "Чайна Роад" жол, көпүрөлөрдү жана таштанды кайра иштетүүчү завод курат



Бүгүн, 27-сентябрда Ош шаарына Кытай Эл Республикасынын “Чайна Роад” компаниясы Кыргызстандагы өкүлчүлүгү эки тараптуу кызматташууда пландалган долбоорлорду жеринен көрүү максатында келишти. Кытай корпорациясынын Кыргызстандагы жолдорду жана көпүрөлөрдү куруу боюнча өкүлчүлүгүнүн башкы директору Хоу Хусян баштаган жумушчу топту Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев кабыл алды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.


Андан соң, компаниянын өкүлдөрү Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов менен биргеликте жолдорду, көпүрөлөрдү, тыгын учурдагы абалдарды, таштанды талаасын жана башка жерлерди жеринен көрүп келишти. 


Таанышуунун соңунда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов жана «Чайна Роад» компаниясынын өкүлү Хоу Хусян менен эки тараптуу кызматташуу боюнча, жолдорду оңдоп-түзөөдөн өткөрүү жана куруу, таштандыларды кайра иштетүүчү заводдорду куруу боюнча меморандумга кол коюшту.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн