Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:30
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Ошто "Дженгонун" жактоочусунун үйүндө тинтүү жүрдү (Видео)

10.02.2021 17:36
868
Ошто "Дженгонун" жактоочусунун үйүндө тинтүү жүрдү (Видео)


УКМКнын Ош облусу жана Ош шаарын боюнча бөлүмү "Дженго" каймана аттуу Кадыр Досоновдун жактоочусу Назгүл  Сүйүнбаеванын үйүндө тинтүү жүргүздү. Бул тууралуу жактоочу 24.кг агенттигине билдирди. 


Анын айтымында, тинтүү мыйзамсыз жүргүзүлгөн. 


"Сотту да адаштырышты. УКМК кызматкерлери менин үйүмдү тинтүүгө алышты, бирок алар менин адвокат экенимди көрсөтүшкөн жок. Мыйзамга ылайык, адвокаттын үйүн ага кылмыш иши козголгон учурда гана тинтүүгө болот. Мен муну кесиптик ишмердүүлүгүм менен байланыштырам. Буга чейин УКМКнын кызматкерлери мени Кадырбек Досоновду алып келгиле деп, эл алдында шоу уюштуруп, анан коё бергиле деп көндүрүшкөн. Мен буга макул болгон жокмун, андан кийин атайын кызмат мага ушундай басым жасоону чечти" ,- деди Сүйүнбаева.


Сүйүнбаева Досоновдун жакындарынын үйлөрүндө да мыйзамсыз тинтүү жүргүзүлгөнүн кошумчалады.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн