Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 19:48
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Ошто "Ыйман Нуру" партиясынын үгүтчүсү добуш сатып алууга шектелип кармалды

25.11.2021 12:30
469
Ошто "Ыйман Нуру" партиясынын үгүтчүсү добуш сатып алууга шектелип кармалды

Ош шаарында шайлоочуларды сатып алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, Ош шаардык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында шаардын аймагында шайлоо алдындагы үгүт иштерине байланыштуу айрым партиялардын өкүлдөрү же расмий эмес өкүлдөрү тарабынан шайлоочулардын добуштарын материалдык баалуулуктарды берүү же болбосо таратуу же сатып алуу жөнүндө ыкчам маалымат аныкталган.


Бул окуя боюнча тийиштүү материалдар КР Жазык кодексинин 192-беренеси ("Шайлоочунун добушун сатып алуу") менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.


Жогорудагы сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында көрүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, 24-ноябрда Ош ШИИБнын кызматкерлери тарабынан "Ыйман Нуру" саясий партиясына добуш берүүлөрү үчүн ар бир шайлоочуну сатып алуу максатында акча каражаттары таратылгандыгы аныкталган.


Аталган окуя боюнча 39 жаштагы Ош шаарынын тургуну, өзүн “Ыйман Нуру” партиясынын үгүттөөчүсү катары тааныштырган М. И. суралды.


Ал өзүнүн көрсөтмөсүндө аталган партияда келишимдин негизинде үгүттөөчү болуп иштеп жатканын жана 2021-жылдын 22-ноябрында “Алмагүл” аттуу штаб башчысынан шайлоочуларды сатып алуу максатында 40 миң сом алгандыгын, 24-ноябрда акча каражаттарын шайлоочуларга таратып берип жаткан жеринде милиция кызматкерлери тарабынан кармалганын тастыктады.


Ошондой эле М.И. башкарып жүргөн “ДЭУ-МАТИЗ” үлгүсүндөгү унаасына кароо жүргүзүлүп, натыйжада унаанын ичинен 20 даана 500 сомдук купюра, 1 даана 50 сомдук жана 1 даана 20 сомдук купюрадагы акча каражаттары, 4 даана “Ыйман Нуру” саясий партиясына таандык үгүт баракчалары далил зат катарында алынган.


Ыкчам-тергөө аракеттеринин натыйжасында, М.И. менен бирге өздөрүн “Ыйман Нуру” саясий партиясынын үгүттөөчүлөрү деп тааныштырышкан Т.Д. жана У.Н. кармалып, тергөөгө жеткирилген. Алар өз көрсөтмөсүндө “Алмагүл” аттуу штаб башчысынан үгүттөөчү катары айлык маянасы үчүн 10 миң сом жанашайлоочуларга добуш берүү үчүн акча каражат беришкенин айткан.


Ошондой эле иштин алкагында “Ыйман Нуру” партиясынын штабына тинтүү жүргүзүлүп, ар түркүн баракчалар, дептерлер жана акча каражаттары алынган.


Ыкчам-тергөө аракеттеринин жүрүшүндө “партиянын штаб жетекчиси” делген “Алмагүл” аттуу жарандын өздүгү аныкталып, ал 49 жаштагы А.А. болгон. Ал көрсөтмөсүндө “Ыйман Нуру” партиясынан депутаттыкка талапкердин үгүт иштерине жардам берип, штаб ачып ошол жерде жүргөндүгүн, ар бир шайлоочунун добушуна миң сомдон деп акча каражаттары ортомчулар аркылуу жогоруда кармалган эки жаранга бергендигин билдирген.


Ош шаардык башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан 1982-жылы туулган М.И., 1980-жылы туулган Т.Д. аттуу эки жаранга КР Жазык кодексинин 192-беренесинин негизинде Ош ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


Азыркы учурда бул факты боюнча окуянын башка катышуучуларынын өздүгүн аныктап, алардын аракеттерине туура юридикалык баа берүүгө багытталган ыкчам-тергөө аракеттер жүргүзүлүүдө.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн