Ошто Яккалик каналынын жээги "KG GROUP" курулуш компаниясынын колдоосу менен тосулуп жатат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Бүгүн, 25-августта Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов Манас-Ата аймактык башкармалыгындагы Раззаков №6, Салиева №7, №9, №11, №13,№15 көп кабаттуу үйлөрдүн жанындагы Яккалик каналынын кооптуу жерлерине тосмолорду орнотуу иштерин көрдү.
Белгилей кетсек, "KG GROUP" курулуш компаниясы бул кичи райондун жарандарынын коопсуздугу үчүн иштерди жүргүзүүдө.
Вице-мэр «KG GROUP» курулуш компаниясына жана компаниянын Ош шаарындагы өкүлү Уулкан Келдибаевага ыраазычылыгын билдирди. Тосмолор 562 м узундукта орнотулат, иштин жалпы баасы 1 миллион сомдон ашык.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн