Аяк оона 30, 2024
Убакыт: 00:15
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Ошто "Түнкү өспүрүм" рейди жүрүп жатат

19.05.2022 12:59
800
Ошто "Түнкү өспүрүм" рейди жүрүп жатат

Ош шаарында түнкүсүн кароосуз жүргөн өспүрүмдөрдүн арасындагы кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган «Түнкү өспүрүм» деген аталыштагы профилактикалык иш чара өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


   Бул иш чара Ош шаарынын аймагында 18-20-май күндөрү өтө турган иш чара Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жашы жетелектер менен иштөө инспекциясы тарабынан өткөрүлүп жатат. Жогоруда маалысмдагандай бул профилактикалык иш чара өспүрүмдөрдүн арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу үчүн жүргүзүлөт.


Атайын түзүлгөн иш мерчемге ылайык иш чаранын жүрүшүндө коомдук жайлар, эс алуу борборлору, түнкү интернет-клубдар текшерүүгө алынып, чоӊ адамдардын коштоосусуз жүргөн балдар аныкталып, алардын жакындары менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.


Аныкталган фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык балдардын келечегин жоопкерчиликке алган жакындарына чаралар көрүлөт. Социалдык жактан коргоо органдарына, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө маалымат жиберилет.

    

                    

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн