Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 10:34
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Ошто "жылаӊач сүрөтүӊдү туугандарыӊа жөнөтөм" деп акча талап кылган жаран кармалды

04.03.2021 12:14
561
Ошто "жылаӊач сүрөтүӊдү туугандарыӊа жөнөтөм" деп акча талап кылган жаран кармалды

Ошто "жылаӊач сүрөтүӊдү туугандарыӊа жөнөтөм" деп акча талап кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдирди.


Кечээ күнү, 3-мартта Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 1993-жылы туулган Ош шаарынын тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ага карата "опузалап талап кылуу" беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө жүрүп жатат.


"Алгачкы тергөө иштеринин жүрүшүндө маалым болгондой, бул кармалган жигит 2020-жылдын октябрь айында өзүнүн таанышы 1995-жылы туулган аял менен өз ара урушуп кеткен соӊ «акыркы жолу бир жолугуп алалы» деп аны алдоо жолу менен чакырып, унаасына отургузган соӊ бычак такап коркутуп, Ош шаарынын мейманканаларынын бирине алып келген. Андан соӊ бычак менен «өлтүрөм» деп коркутуусун улантып, жылаӊач чечиндирип өзүнүн телефонуна тартып алган. Жабырлануучу намыстанып колдору менен бетин жапкан учурда күч менен колун жүзүнөн алып, сүрөткө жылаӊач тарткан. Андан соӊ «эми мага жакын арада 50 миӊ сом акча таап бересиӊ, болбосо бул сүрөттү ата-энеӊе, жакындарыӊа жөнөтүп, интернетке чыгарам» деп акча талап кыла баштаган. Айласы кеткен келин Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Эртеӊ, 5-мартта шектүүнүн баш коргоо чарасы Ош шаардык сотунда каралат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн