Бүгүн 8-декабрь - Радио жана телевидение кызматкерлеринин күнү белгиленүүдө. Ага карата Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов бул аймакта ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген телеканал, радио кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Шаар мэриясы менен тыгыз кызматташып, мында жасалып жаткан жумуштарды коомчулукка жайылтууда салым кошуп келген бир катар кызматкерлер сыйланды.
Калаа башчы түйшүктүү жана сыймыктуу кесипти аркалап келген чыгармачыл инсандардын ишине ийгилик каалап, Ош мэриясы жалпыга маалымдоо каражаттары менен иштешүүгө дайым даяр экенин билдирди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн