Ош шаарында санитардык-карантиндик эрежелерди сактабаган 51 мекеме жабылды. Бул тууралуу 11-майдагы брифингде Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов билдирди.
Анын айтымында, Ош шаарында 7 мобилдик топ уюштурулуп, алар ишин баштаган мекемелерге күчөтүлгөн тартипте текшерүү жүргүзөт.
“11-майдан баштап Ош шаарындагы 691 объектти 7 мобилдик топ текшере баштады. Бүгүнкү күнгө карата санитардык-карантиндик талаптарды сактабаган 13 ишканага айып салынып, 51 мекеме жабылды”, - деди Сарыбашов.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн