Бугу 11, 2024
Убакыт: 00:00
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Ошто санитардык посттордон текшерүүсүз өтүүчү адамдарды жана унааларды айтты

26.03.2020 17:55
672
Ошто санитардык посттордон текшерүүсүз өтүүчү адамдарды жана унааларды айтты


Ош облусунун аймагында жайгашкан санитардык карантиндик посттордон текшерүүсүз өтүүчү жүргүнчүлөр менен транспорттор айттылды. Бул тууралуу Ош шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлады.


Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу жана Ноокат райондорунда жайгашкан өзгөчө абал учурундагы посттордон төмөндөгү категориядагы атуулдар жана автоунаалар тоскоолдуксуз коменданттык саат киргенге чейин өтө алышат:


- азык-түлүктүн бардык түрлөрүн ташыган автоунаалар;


- курулуш материалдарды, айыл-чарбага керектелүүчү каражаттарды ташыган автоунаалар;


- медицина тармагында иштеген бардык кызматкерлер (иштеген жеринен тактамасы);


- гемодиализ алуучу жана медициналык мекемелерге дайыма барууга аргасыз болгон каттоодо турган оорунун түрлөрү менен ооруган жарандар (оорусун тастыктаган тиешелүү аныктаманын болуусу тийиш), күтүүсүз ооруканаларга кайрылуусу зарыл болгон оорулуулар, аларды ташыган автоунаалар жана коштоп жүргөн бирден ашык эмес адамдар;


- дары-дармек, медициналык коргонуу каражаттарды ташыган автоунаалар;


- мамекеттик мекеме, уюм, ишканалардын атайын каражаттар менен жабдылган кызматтык автоунаалары;


Өзгөчө абал учурунда жарандардын өздүгүн тастыктаган жарандык паспорту болушу зарыл. Жогорудагы талаптарды ар бир санитардык-карантиндик посттор так аткаруусу комендант тарабынан катуу көзөмөлгө алынган.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн