Коронавирус илдетинин жайылуусуна жол бербөө максатында Ош облусунун аймагында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Ош ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чаралар Алай, Ноокат, Кара-Суу райондорунун аймагында Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын милициянын кайгуул күзөт башкармалыгынын өзүнчө батальонунун туристтик взводунун жана медицина кызматынын, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте жүргүзүлдү.
Анда санитардык-эпидемиологиялык, санитардык-гигиеналык талаптарды сактоо боюнча эс алуучу жайлардын ээлерине жана эс алуучуларга эскертүү берилди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн