Аяк оона 08, 2024
Убакыт: 05:57
USD
84.10
84.60
EUR
92.80
93.80
RUB
0.920
0.960

Ошто сел агызып кеткен кыздардын биринин сөөгү табылды

Ошто сел агызып кеткен кыздардын биринин сөөгү табылды


Ошто сел агызып кеткен кыздардын биринин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, изделип жаткан 7 жашар кыздын сөөгү Өзбекстандын Андижан шаарынынан Шахрихонсой сайынан табылды. Эми анын сөөгү "Достук" чек ара постунан кыргыз тарапка өткөрүлүп берилет.

“Учурда ӨКМдин Ош шаары боюнча куткаруу кызматы тарабынан 2 аял киши жана 2 кичине кыз изделүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, күн мурун Ош облусунда катуу сел жүрүп, турак жайларды, короо-сарайларды, соода күркөлөрүн жана айдоо аянттарын суу каптаган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн