Ош облусунун Араван районунда сел жүруп унаа жол жабык турат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка лайык, Керме-Тоо айыл аймагында 28-апрель күнү саат 23:00 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Чөгөм айылына баруучу унаа жолунда, шагыл аралаш сел жүрүп, унаа жол жабылган.
Ал эми жаратылыш кырсыгынан жабыркагандар катталган эмес.
Жол тазалоо үчүн жерине №21 жол тейлөө ишканасынан техника тартуу жагы каралган. Бирок техника оң абалда болбогондуктан тазалоо иш-чаралары убактылуу токтоп турганы айтылат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн