Бирдин айы 09, 2025
Убакыт: 23:18
USD
87.30
87.80
EUR
90.00
91.00
RUB
0.885
0.920

Ошто селге агып кеткен бешинчи аялдын сөөгү Өзбекстандын аймагынан табылды

Ошто селге агып кеткен бешинчи аялдын сөөгү Өзбекстандын аймагынан табылды


Ошто селге агып кеткен бешинчи жарандын сөөгү Өзбекстандын аймагынан табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1985-жылы туулган Б.А. аттуу жарандын сөөгү өзбекстандык куткаруучулар тарабынан бүгүн, 16-июлда Андижан шаарындагы сайдан табышты.

Белгилей кетсек, издөө ишин жүргүзүү боюнча Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кайрылуусунун негизинде Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары издөө-куткаруу ишин жүргүзүшкөн.

Маалым болгондой, изделип жаткан жаран 14-июль күнү Ош шаарындагы Борбордук базардан сел агызып кеткендиги тууралуу кабарланып, издөөгө алынган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн