Ноокат районунда шахтадагы газга бир адам ууланып калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 28-июнь күнү саат 20:35 Жин-Жиген айылында “Жин-Жиген” шахтасында 1 эркек киши (аты-жөнү такталууда) газга ууланып, калып калган.
Куткаруучулар маркумдун жансыз денесин шахтадан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн