Тогуздун айы 07, 2024
Убакыт: 14:20
USD
84.70
85.20
EUR
92.60
93.60
RUB
0.875
0.920

Ошто шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон партиялар митинг өткөрүүдө

22.04.2021 15:53
686
Ошто шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон партиялар митинг өткөрүүдө


Бүгүн 22-апрель Ош шаарынын борбордук аянтында шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон партиялар митинг өткөрүүдө.
Маалым болгондой, митингге  7 партия, башкача айтканда «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан башкасы борбордук аянтка топтолуп, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышууда.

Белгилей кетсек Ош шаардык кеңешине жалпы 9 партия ат салышкан.

АШКнын маалыматында, шайлоодогу мыйзам бузуулар боюнча 105 арыз катталып, эки талапкер шайлоодон четтетилген.

Эскерте кетсек, 21-апрель Ош аймактык шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу шайлоонун жыйынтыгын чыгарды.  АШК жумушчу тобунун жетекчиси Рысбек Нурдинов  Ош шаардык кеңешинде өткөн шайлоодон бир дагы партияны четтетүүгө жетиштүү далилдер жок деген маалыматын айткан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн