Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 22:36
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Ошто шеригин таштанды таштоочу жайда бычактап өлтүрүп качып жүргөн жаран кармалды

03.08.2022 12:40
544
Ошто шеригин таштанды таштоочу жайда бычактап өлтүрүп качып жүргөн жаран кармалды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери өзгөчө оор кылмыштын бетин ачышты.  Оштогу таштанды полигонунда адам өлтүрүп, качып кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу   Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

    

     Буга чейин, тагыраак айтканда 2022-жылдын  28-январь күнү Ош шаарынын таштанды таштоочу жайынан адам колдуу болуп каза болгон жарандын жансыз денеси табылган эле.     

  

 Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмү тарабынан Бишкек шаарынан мурда жасаган өзгөчө оор кылмышы үчүн издөөдө жүргөн Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну 1985-жылы туулган  М.Т. кармалды.  Шектүү Ош шаардык ички иштер башкармалыгына алынып келинип, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Алгачкы тергөө иштеринин жүрүшүндө ал жасаган кылмышын моюнуна алып,  окуядан соӊ каза болгон  маркумду 2 жолу бычактап, изин жашырып кеткендигин билдирди.  Өз ара жаӊжал 3 бөтөлкө аракты ичип бүткөн соӊ чыккан. 

 

  Маалым болгондой, маркум менен шектүү өз ара тааныш болушкан. Ош шаарынын таштандыларды таштоочу жайында түстүү металдарды издешип, тапкандарын атайын пунктарга тапшырып жан багып турушкан.


Окуя дагы таштанды таштоочу жайда  28-январда, түнкү саат 01.00 чамасында болгондугу анык болду. Окуядан соӊ шектүү тез арада Ош шаарынан качып чыгып, Өзгөн районунун, Бишкек , Жалал-Абад шаарларынын аймактарында, Суусамыр өрөөнүндө изин жашырып жүргөн.  

   

 Учурда Ош шаардык тергөө кызматы тарабынан бул өзгөчө оор кылмыш (КР кылмыш кодексинин 122-беренеси)   боюнча тергөө иштери уланууда. 


 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн