Өкмөт башчы Кубатбек Боронов кечээ, 25-июлда Ош шаарына жасаган иш сапарынын алкагында «Кыргыз Унаа Курулуш» заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты.
Ишкана электробустар менен ГЭСке керектүү жабдууларды чыгарууга адистешкен. Мындан тышкары өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттарды - ИВЛ чыгаруу пландалган. Сыноо үчүн бирөө жасалды.
Кубатбек Боронов медициналык жабдууну тез арада Бишкек шаарына жиберип, адистердин сыноосунан өткөрүүнү сунуш кылды.
Сүрөттөр өкмөттүн басма сөз кызматынан алынды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн