Бугу 22, 2025
Убакыт: 13:16
USD
87.30
87.80
EUR
98.70
99.70
RUB
1.090
1.120

Ошто соода борборлордогу азык-түлүктөр текшерилди

31.03.2020 15:24
965
Ошто соода борборлордогу азык-түлүктөр текшерилди


Ош шаарындагы соода борборлодогу азык-түлүктүн жетиштүүлүгү текшерилди. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, вице-премьер-министри Акрам Мадумаров жана Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардагы чоң соода борборлорду кыдырган.


Вице-премьер-министр посттордон азык-түлүк өткөрүүдө кыйынчылык болбой турганын белгилеп, эл азык-түлүк менен толугу менен камсыз болорун айткан.

“Шаарда жайгашкан соода маркеттериндеги азык-түлүктөрдүн жетиштүүлүгүнө жана баалардын туруктуулугуна анализ жүргүзүп турат. Бүгүнкү күндө маркеттерде жетиштүү азык-түлүктөрдүн запасы бар, баалары туруктуу жана кооптонууга негиз жок. Ошондой эле, дүкөндөргө товар алып келген фирмалар тоскоолдуксуз посттордон өткөрүлүүдө. Эң башкысы бардык азык-түлүк дүкөндөрү учурдагы абалга карабай өз иштерин улантып жатышат”, - деген Сарыбашов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн