Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 02:41
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Ошто социалдык тармак аркылуу опузалап 20 миң доллар талап кылган жаран кармалды

03.03.2022 12:35
485
Ошто социалдык тармак аркылуу опузалап 20 миң доллар талап кылган жаран кармалды

Ошто тургунду опузалап 20 миӊ доллар талап кылган адам кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, милицияга 1-март күнү Ош шаарынын 36 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда «М» аттуу адам аны опузалап «WhatsApp» аркылуу 20 миӊ доллар талап кылып жаткандыгын билдирген. Арыз Жазык кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен катталып, иш козголгон.


2-март күнү саат 17.00 чамасында Ош шаарындагы кафелердин биринде аталган сумманын бир бөлүгүн алып жаткан учурда мурда адам өлтүрүү беренеси менен соттолгон, 1987-жылы туулган Ш.М. аттуу адам кармалган.


Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери уланууда.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн